МЕКТЕПТИН ИЧКИ КОНТРОЛУ
Мектеп-гимназиянын ички кѳзѳмѳлү Кыргыз Республикасынын Билим берүү мый-замынын жана башка укуктук-нормативдик актыларынын сакталышын, окуу программаларынын, окуу планынын аткарылышын, окуучулардын билим сапатынын абалын, предметтердин окутулуш деңгээлин, тарбиялык иштердин аткарылышын көзөмөл кылат, анализдейт, корректирлөөнү сунуштайт жана окуу-тарбия процессинде пайда болгон көйгөйлөрдү аныктайт.
Ички көзөмөл жылдык пландын негизинде “Ички көзөмөл жөнүндө” Жобого ылайык төмөнкү багыттарды камтуу менен жүргүзүлөт:
ü Окуу программаларынын аткарылышы;
ü Предметтердин окутулуш деңгээли;
ü Окуучулардын билим сапаты, өздөштүрүүсү, өнүгүүсү, сабакка катышуусу ж.б.;
ü Мугалимдердин ишмердүүлүк жүргүзүү деңгээли, методикалык өсүшү ж.б.;
ü Мектеп документациясынын жүргүзүлүшү;
ü Ички эмгек тартибинин сакталышы;
ü Окутуунун окуу-методикалык камсыздалышы;
ü Материалдык-техникалык базанын абалы;
ü Окуучулар үчүн түзүлгөн шарттар (ашкана, жылуулук, жарык берүү ж.б.)
ü Структуралык бөлүктөрдүн ишмердүүлүгү (метод бирикмелер, китепкана, окуу бѳлмѳлѳрү);
ü Гимназиянын билим тарбия ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугу (олимпиада, конкурс)
ü Ата-энелер менен жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы;
ü Тарбиялык иштердин аткарылыш деңгээли.
Ички көзөмөлдө окутуу-тарбиялоо процессинин бардык тармагын камтуу менен жыйынтыктары боюнча маалымдамалар жазылып, административдик, директор алдындагы, педагогикалык кенеште жана методикалык кенештин отурумдарында, ата-энелер чогулуштарында каралат. Ички көзөмөлдөөдө текшерүүнүн ар кандай формалары (административдик срездер, байкоо жүргүзүүлөр, аңгемелешүүлөр, сурамжылоо, анкета алуу, тестирлөө ж.б.) колдонулуп, жалпылоочу материалдар гимназиянын ишмердүүлүгүн корректирлөөдө жана уюштурууда колдонулат. Окутуу-тарбиялоо процессин көзөмөлдөөдө администрациядан тышкары усулдук бирикме башчыларына, окуучулардын билим, билгичтик, көндүмдөрүн текшерүүчү муга-лимдердин жумушчу тобуна ишеним артылат.