25-апрель Салттуу музыка күнү

Дата публикации: Apr 26, 2021 5:31:0 AM

25-апрель күнү “Салттуу музыка күнү” катары мына быйыл туура 8 жыл толуп отурат. Тактап айтканда, 2013-жылы Жогорку Кеңештин токтому менен 25-апрель Улуттук салттуу музыка күнү деп жарыяланган.

Кыргыз элинин улуу тарыхында көөнөргүс маданияты болуп, “Манас” эпосу, элдик ырлар, күүлөр, улуттук аспаптар муундан-муунга, кылымдан-кылымга улуу мурас болуп сакталып келген. Анын ичинен өзгөчөлөнүп кыргыз күүлөрү-элдин маданиятын, дүйнөгө көз карашын, турмуш тиричилигин, тарыхын, элдик жана эстетикалык идеаларын чагылдыруучу баа жеткис мурас.

Комуз – элдеги эң көрүнүктүү жана сүйкүмдүү музыкалык аспаптардын бири болуп келген. Ата-бабадан калган бул улуу мурасты кийинки муунга өткөрүп берүү, албетте биздин бирден- бир милдетибиз болуп саналат жана аны моюнга алуу менен ушул баалуулуктарды окуучуларыбызга бир аз да болсо үйрөтүүнүн аракетиндебиз. Ушуга далил болуп 26-апрелде мектебибизде түзүлгөн “Жаш канат”ийриминин жетекчиси Керимова А.Ж., “Жаш жеткинчек” бийчилер тобунун жетекчиси Муратбек кызы Айпери жана "Жаш талант" вокалдык ийриминин жетекчиси Сейдакматов Болот Исаевич менен биргеликте даярдаган “25-апрель –Салттуу музыка” күнүнѳ карата отчеттук сабагын беришти. Сабак эӊ мыкты деӊгээлде ѳттү. Сабакта окуучулар комуздун коштоосунда ырларды ырдашып, күүлѳрдү чертишти жана кыргыздын улуттук бийлерин бийлешти.