Ж. Абдырахманов жана К. Тыныстоновго 120 жыл

Дата публикации: Apr 24, 2021 5:39:57 AM

Быйылкы 2020-2021-окуу жылында белгилүү инсандарыбыздын ичинен К.Тыныстанов жана Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына карата эки айлык апрель, май айларына жарыяланып, иш-чара ѳткѳрүүгѳ атайын план түзүлүп, мына ошол план менен тарых, кыргыз тили, орус тили жана адабияты мугалимдери, класс жетекчилер иш жүргүзүп жатышат.

Планда белгиленгендей ачык сабактар, тегерек столдор ѳтүлүүдѳ. Ошондой эле ар бир класс дубал газеталарды, буклеттерди чыгарышып, бурчтарды уюштуруп жатышат. Кыргыз тили, орус тили жана адабияты мугалимдери 8-11-класстарга реферат, дилбаян, эссе жаздырып, ийримдик жетекчилер да ачык сабактарын ѳтүштү.

Тарых мугалими Баембаева Э.Д. 8б-классынын класс жетекчиси менен биргеликте ушул класска Ж.Абдрахмановго “Тегерек стол” ѳтүштү. Бул кечеде Ж.Абдрахмановдун кыргыз элине гана эмес казак элине да жардам берип, эли-жери үчүн ак эмгек менен иш жүргүзгѳндүгү тууралуу кеӊири түшүнүк берүү менен суроолорду берип, окуучулардын патриоттук сезимин ойгото алышты.

Дүйшѳкадырова Г.Д. 7а-классына К.Тыныстановдун кыргыз тилинин грамматикасын кошкон зор салымын окуучуларга ѳзүнүн ийримдик ачык сабагында кошумча маалымат берди. Кыргыз тили жана адабият мугалмдери Жакыпова Г.Ш., Кожокеева М.А. да ийримдик ачык сабагында К.Тыныстановду эскерүү кечесин ѳтүшүп, бул инсандын улуулугун окуучулардын сезимине жеткире алышты.

Класс жетекчилерден болсо Асанова М.С. 6а-классына эки инсандын 120 жылдыгына карата класстык саат ѳттү. Калган класс жетекчилер да класстарында сабактарды ѳтүп жатышат.