КОРРЕКЦИОНДУК КЛАСС

Коррекциалык класстар жөнүндө маалыматы.

КР нын «Билим берүү жѳнүндѳ», «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктѳрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жѳнүндѳ» Мыйзамдарынын негизинде, КР нын Окмѳтүнүн 2015-жылдын 27-февралындагы №85 КР нын калкын социалдык коргоону ѳнүктүрүүнүн 2015-2017-жылдарга карата программасы жѳнүндѳ» Токтомун аткаруу максатында КРнын Билим Берүү жана Илим министрлигинин 2017-жылдын 06-апрелиндеги №396/1 буйругунун негизинде

Бостери айыл Ѳкмѳтүнүн аймагындагы академик Аман Мамытов атындагы мектеп –гимназиясында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн коррекциялык класстар жаны 2017-2018-окуу жылынын башталышы менен 1-сентябрда ачылды. Бул коррекциялык класстар Швейцария Ѳкмѳтү каржылаган, Хельветас жана Ѳнүктүрүү Саясат Институту менен биргеликте иш алып барган «Жергиликтүү денгээлдеги кызматтарды жакшыртуу» долбоорунун алкагында гранттык каражаттан каржыланды

Бостери айыл Ѳкмѳтү 2015- жылы бул Долбоорго пилоттук айыл Ѳкмѳтү болуп кирген. Долбоорду ишке ашырыш үчүн айыл ѳкмѳтү жергиликтүү калк менен бир нече иш чараларды ѳткѳрдү. Иш чараларды ѳткѳрүү убагында бир нече кѳйгѳйлѳр белгиленген. Ал кѳйгѳйдүн арасында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын билим алуу кѳйгѳйү негизги маселе болуп кѳрсѳтүлгѳн.

Айыл аймагынын кенейтилген чогулушунда бул кѳйгѳйдү негизги маселе катары тандап алуу чечими кабыл алынган жана аны чечүү үчүн иш-аракеттер алып барылган.

Айылдык Кенештин депутаттарынан , айыл Ѳкмѳттүн кызматкерлеринен, майып балдардын ата-энелеринен, академик А.Мамытов атындагы мектеп-гимназиясынын мугалимдеринен жумушчу топ түзүлүп, Кызматты жакшыртуу Аракет Планы иштелип чыккан. (КЖАП).

Жумушчу топтун жардамы менен Долбоор жазылып, айыл Ѳкмѳтү гранттык конкурска катышып, 2 000 000 (эки миллион) сом грант утуп алган. Айыл Ѳкмѳтү кошумча каржылоого 200 000 (эки жуз мин) сом жергиликтүү бюджеттен бѳлүп берген.

Бул Долбоор Ысык-Кѳл районундагы эн маанилүү, алгачкы долбоор болуп эсептелинет, себеби ал мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга кызмат кѳрсѳтүүнү жакшыртууга багытталган жана анын туруктуулугун камсыздайт. Коррекциялык 1в-классынын (12 окуучу) логопед мугалими Г.А. Кѳккѳзовага эмгек акы тѳлѳѳ маселеси Ысык-Кѳл райондук билим берүү бѳлүмү аркылуу чечилген жана ал квалификациясын жогорлатуу үчүн треннинг-семинарларга жиберилген. Коррекциялык класстардын коммуналдык тѳлѳмдѳрүн жергиликтүү бюджеттен тѳлѳп берүү жагы каралган. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жакшы шарттар түзүлдү, кѳрсѳтүлгѳн кызматтын сапаттуулугун кѳзѳмѳлдѳѳгѳ мониторинг жана баалоо үчүн атайын топ түзүлгѳн.

Кызматты жакшыртуу Аракет Планынын негизинде балдарды тандоо, окутуу кызматын кѳрсѳтүү үчүн стандарттар жана нормалар бекитилген. Класстарга капиталдык ремонт иштери жүргүзүлдү, пандустар коюлду, балдардын жуумушуна жана душ кабиналарына ысык суу менен камсыз кылуу үчүн инновациялык жол менен күн нүрү ысыта турган коллектор коюлду. Санитардык-гигиеналык бѳлмѳгѳ атайын балдар үчүн таянгычтар коюлган. Эки класс атайын парталар , отургучтар, интерактивдик доска, лекотека жана мультимедиялык проектор менен жабдылган. Ойной турган бѳлмѳдѳ телевизор, музыкалык борбор, акыл- эсти ѳнүктүрүүчү оюнчуктар, компьютер менен жабдылган. Спорттук залда машыгуу жана күрѳшүү үчүн спорт жабдуулар алынган. Терезелерге заманбап ролл-шторалар илинген, жерге жылуу килемдер тѳшѳлгѳн.

Коррекциялык класстарда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга башталгыч класстардын атайын жеңилдетилген окуу программасы боюнча ар кандай усулдук ыкмалар менен окуу кызматы кѳрсѳтүлѳт. Академик А.Мамытов атындагы мектеп-гимназиясынын администрациясы тарабынан окуу-тарбия процесси кѳзѳмѳлдѳнүп турат.

Жаны 2020-2021-окуу жылында 1в-классында-7 окуучу, 2в-класста 9 окууучу ал эми 4в-классында -10 окуучу менен толукталып, ден соолугу чектелген балдарга женилдетилген окуу программасы менен жалпы мамлекеттик стандарттын негизинде түзүлгөн окуу планы аркылуу билим берүү улантылып жатат.

Бул коррекциялык класстарда окуган мүмкүнчүлүгү чектелген балдар сапаттуу билим алышып, башталгыч классты аякташып, гимназияга 5 класска кошулуп окуганга мүмкүнчүлүкторү бар болот. Ушул жагдайда алардын ата- энелерине чон женилдик болот.