23-АПРЕЛЬ-"БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК КИТЕП КҮНҮ"

Дата публикации: Apr 24, 2021 6:21:1 AM

Жыл сайын салттуу түрдѳ мектебибизде “23-апрель- Бүткүл дүйнѳлүк китеп күнүнѳ” карата иш-чаралар башталгыч классынын мугалимдери менен бирдикте китепканачы Токтоналиева У.Э. ѳткѳрүп келишет. Бул жылы да 18-апрелден 23-апрелге чейин бир жумалык план түзүлүп, “Китептер кѳргѳзмѳсү”, “Сүрѳттѳр кѳргѳзмѳсү” бурчтарды даярдашып, сынактарды ѳткѳрүштү. 2-4-класстарынын окуучулары бул иш-чарада “Кѳркѳм окуу”, “Сүрѳт дүйнѳсү”, “Мыкты китепче” сынактарына катышышып, ѳнѳрлѳрүн кѳргѳзүшүп, активдүүлүк жаратып келишет.

“Китептер кѳргѳзмѳсү” бурчунда болсо окуучулардын эмгеги менен, чыгармачылыгы менен жасалган түркүн түстүү китептер адамдын кѳз жоосун алат. Ал эми “Сүрѳттѳр кѳргѳзмѳсү”бурчтарында да ар бир класстагы абдан жакшы сүрѳт тарткан окуучулардын сүрѳттѳрү илинген. Ошондой эле “Кѳркѳм окуу” сынагында балдарыбыз ѳзүнүн мекен, эли- жерине, ата-энесине, досторуна, бир туугандарына болгон сүйүүсүн жан дүйнѳсү менен билдирип, ырларды укмуштай кѳркѳмдѳп айтып беришти. Быйылкы жылдын бул китеп күнүн ѳткѳрүү ата-энелерге, анын ичинен бир үй-бүлѳгѳ бир айга “Эстафета” тапшыруу эӊ жакшы ѳзгѳчѳлүктѳрдүн бири болду. Бул болсо ата-энелерди балдары, үй-бүлѳсү менен китеп окууга болгон каалоосун, дилгирлигин жогорулатууга шарт түздү.

23-апрель күнү бул иш-чараны жыйынтыктоо жана китеп күнүн белгилѳѳ максатында концерттик программа уюштурулуп, эӊ жакшы деӊгээлде ѳттү десек болот. Иш–чарага катышкан окуучуларыбызга мектеп грамоталар менен сыйлады.