Мамлекеттик тилге 30 жыл

Дата публикации: Apr 15, 2021 6:25:27 AM

Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата 2019-жылдын 22-октябрында областтык денгээлде илимий конференция болуп өттү. Бул иш-чарага Областтык Билим Берүү Институтунун кызматкерлери, Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Акматова Д.А., Бостери айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Тарпанбаев А.М. Ысык-Көл райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу Матанова С.А. жетектөөчү адистери, методистери жана райондогу мектептердин жетекчилери менен кыргыз тили мугалимдери катышты. Мектептин кыргыз тили мугалимдери өзүлөрүнүн тажрыйбаларын ачык сабактар аркылуу көрсөтүштү. Соңунда ОББИу жана РайБББмү тарабынан бул уюштурулган илимий иш-чарага жакшы баа берилип, атайы Ыраазычылык каттары менен бул иш чарага активдүү катышкан мектептин кыргы тили мугалимдери сыйланышты.

Бул иш чаранын башталышы мугалимдер менен окуучулардын аткаруусунда "Манас" эпосунан үзүндү "Каныкейдин жомогу" аттуу сахналаштырылган драма менен ачылып, көрүүчүлөрдун купулуна толду.