Ачык сабактар

Дата публикации: Apr 24, 2021 5:51:8 AM

Сентябрь,октябрь, ноябрь айларында кыргыз тили жана адабияты УБ си иш-чараларды ѳткѳрдү. Масадыкова Ч.Н "ЗАЛКАР ЖАЗУУЧУ ЧЫНГЫЗ АЙТМАТОВ"деген темада видео сабак жасап "ТИЛ УЛУУ МУРАС" ийримине катышкан 6,8,11-класстарындагы окуучуларга онлайн видео сабагын ѳттү. 5-А классына залкар жазуучу Чыӊгыз Айтматовдун "АТАДАН КАЛГАН ТУЯК "чыгармасы боюнча ачык сабак ѳттү. Окуучулар сабакка болгон кызыгуусун активдуу түрдѳ кѳрсѳтѳ алышты.

Усупжанова Тамара Уркалиевна 11б-классына "МАНАС ЭПОСУНУН КЫРГЫЗ ТАРЫХЫНДА АЛГАН ОРДУ", 10а-классына “М.Элебаевдин ѳмүрү-чыгармачылыгы”, 6а-классына “Неологизмдер” деген темада видео сабак жасады.Чыгармачылык менен видео сабактарды жасоодо Тамара Уркалиевна ѳзүнүн активдүүлүгүн кѳрсѳтүп келет. 23-сентябрь-мамлекеттик тил күнүнө атайын класстык сааттарды дагы ар бир класс жетекчи өттү. Маселен 10а-классынын класс жетекчиси кыргыз тили жана адабияты мугалими Усупжанова Т.У. “Кыргыз тили-баа жеткис улуу мурас”, 7а-классынын класс жетекчиси Дүйшөкадырова Г.Д. “Кыргыз тилим, менин дилим”, Масадыкова Ч.А. 11а-классына “Кыргыз тили кылымдарды карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан”, 6а-классы менен Асанова М.С. “Менин тилим, менин дилим”, 5а-классынын класс жетекчиси Керимова А.Ж. “Кыргыз тилим көөнөрбөс, өчпөс тилим” деген темада ачык сабактарын өтүштү.

Ал эми март айында химия, биология УБ синин декадасы ѳтүлдү.

Асанова М.С. 10а-11а-классында Биология сабагынан “Биз сергек жашоо образын тандайбыз” деген темада ачык сабак, 7-8-класстар менен химия сабагынан “Сабак-мелдеш” уюштуруп ѳткѳрдү. Сабактар эР жакшы ѳтүлдү. Жобасарова Н.А. 10б-классында химия сабагынан “Жиры слоеного эфира” деген темада ѳттү.

Март айында дене тарбия, кол эмгек, сүрѳт УБ синин декадасында анын жетекчиси Маймеков Т.К. “Кыргыздын улуттук оюну - тогуз коргоол” темасында аык сабагын 10б-классы менен мыкты деӊгээлде ѳттү. Кол эмгек сабагынан Табалдиева М. 6а-классында “Түстѳр жана орнаменттер” темасында ачык сабагын берди. Сүрѳт сабагынан болсо Кайыпбекова Н. 6а-классына “Нооруз” деген темада эӊ сонун сабак ѳтүп берди.

Апрель айынын башында башталгыч класстарынын декадасы ѳтүлдү. Декадада

2а-классынын класс жетекчиси Манапбаева М. мекен таануудан “Жаныбарлар жазында”, УБ жетекчиси Жамакеева И.Б. 3а-классы менен мекен таануу сабагынан “Микробдор” 3б-классында Маралбаева Г.Б. “Организм человека”, 3в-классы Суранчиева А. класстык сааттан “Солнце, воздух и вода”, 4а-классында Камчыбек кызы Альбина “ Тамак сиӊирүү оргондары” деген темада, 4б-классында Табалдиева А.К. чтениден “Жизни и деятельности С.Есенина” деген темада ачык сабактарды ѳтүштү. Бул мугалимдердин ичинен Жамакеева И.Б., Камчыбек кызы Альбина, Маралбаева Г.Б.лардын сабактары жогорку деӊгээлде ѳтүлдү.