Акылкарачач

Дата публикации: Apr 26, 2021 4:8:3 AM

2016-2017-окуу жылынан бери мектебибизде жыл сайын “Акылкарачач” аттуу кыздар арасында сынакты салтка айландырып ѳткѳрүүдѳбүз. Сынакка 8-11-класстардын кыздары катышып келишет. Бул сынакты ѳткѳрүп туруунун максаты, кыздардын жѳндѳмүн, акылын, ѳнѳрлѳрүн кѳрсѳтүү менен алардын келечектеги жашоосуна ѳзүн даярдоо, кыз баланын ишке болгон чеберчилигин ѳнүктүрүү болуп саналат.

Сынакка тѳмѳндѳгүдѳй программа түзүлүп, ѳткѳрүлүп турат:

1.Саламдашуу, ѳзүн тааныштыруу. “Мен кыргыздын кызымын”

2.Кол ѳнѳрчүлүк. ”Мен жасай алам”

3.Муроо-жооп. “Билимдүүгѳ дүйнѳ жарык”

4. Менин ѳнѳрүм ушундай. (ыр, бий, акындык таланты, кѳркѳм окуу ж.б.)

Ушундай программа менен кыздар сыналып, “Баш байге” - “Акылкарачач” наамы, 1,2,3-орундар жана “Талантту кыз”, “θнѳрлүү кыз”, “Бийчи кыз”, наамдар дагы ыйгарылып турду.

2016-2017-окуу жылында 8-март- Аялдардын эл аралык күнүнѳ утурлай 7-мартта биринчи сынагыбыз ѳтттү. Бул сынактын жеӊүүчүсү 9а-классынын окуучусу Амантурова Айдана кызыбыз татыктуу болду. Катышкан кыздарга мекептин фондунан белектер, грамоталар ыйгарылды.

2017-2018-окуу жылында сынагыбыз 9-март күнү ѳтүлдү. Сынактын баш байгесин 8б-классынын окуучусу Амангельдиева Айя алып, ѳзүнүн бардык жактан шыгы, таланты бар экендигин кѳрсѳттү.

2018-2019- окуу жылы сынак 12-апрелде ѳтүлдү. Бул сынак абдан жакшы даярдык менен ѳттү. Себеби кыздар чын ниеттерин коюп, активдүүлүк менен даярданып келишкен. 9б-классынын окуучусу Туратбекова Ширин баш байгеге ээ болду. Ал суроолорго толук жооп берип билимин, эӊ мыкты бийлеп ѳнѳрүн жана колунан дагы иш келерин кѳрсѳтѳ алды.

2019-2020-окуу жылында бул сынак 6-мартта ѳтүлүп, сынактын жеӊүүчүсү 9а-классынын окуучусу Амантурова Айжамал сынактын “Баш байгесин” татыктуу ала алды. Себеби таланты да, ѳнѳрү да, билими да бири-бирин толуктап, чыныгы кыргыз кызы экендигин айгинеледи.

Ал эми быйылкы 2020-2021- окуу жылында кыздар арасында гана “Кана эмесе, кыздар !” аттуу сынакты 9-10-класстардын жалпы кыздар тобу менен ѳткѳрдүк. Ар бир топ ѳздѳрүнүн атын жактап, ѳнѳрлѳрүн, таланнтарын жана үйгѳ берилген тапшырмаларды аткарышты. Бул сынактын жеӊүүчү тобу “Каныкей” тобу болду.