Ийримдик иштер

Дата публикации: Apr 24, 2021 5:44:6 AM

Биздин мектеп-гимназиябызда “Манас таануу” сабагы Т.А. Молдобаев,

“Жаш талант” вокалдык сабагы Б.И.Сейдакматов, “Жаш канат” комузчулар ийрими А.Ж.Керимова , “Жаш жеткинчек” бийчилер ийрими Муратбек кызы Айпери, “Шахмат”, “Тогуз коргоол” ийрими Т.К.Маймеков жетектеген ийримдерибиздин сабактары, ошондой эле ар бир предмет: кыргыз, орус, англис, немец, кытай, түрк, араб тилдери боюнча ийримдик сабактары атайын ѳзүнчѳ түзүлгѳн жүгүртмѳнүн негизинде сабактан тышкаркы убакта ѳтүлүп жатат. Ийримдик иштердин жетекчилери бир жылдык план түзүшүп, ошол план боюнча иш алып барышат. Ал эми ийримдин максаты болсо сабактан тышкаркы иштерди уюштуруу менен окуучулардын талантын, ѳнѳрүн кѳрсѳтүп, алган билимдерин андан ары тереӊдетип окууту болуп саналат. Мына ошол кошумча билимдерин жетекчи кандай ѳркүнд

ѳтүүнүн үстүндѳ иштеп жаткандыгын бир жылда бир, б.а. жылдын аягында жыйынтыктоочу отчеттук сабактарында кѳрсѳтүшѳт.

Быйылкы окуу жылы да февраль, март, апрель, май айларына график түзүлүп, ошол коюлган график менен ар бир жетекчи отчеттук сабактарын берип жатышат. Февраль айында “14-февраль-Манас айтуу” күнүндѳ райондук деӊгээлде ѳтүлгѳн

“Манас айтуу” сынагына Т.А.Молдобаев 7-9-класстардын окуучуларын катыштырып келди. Март айынынын “21-март-Нооруз майрамына” утурлай “Кыргыз тили –баа жеткис улуу мурас” аттуу кыргыз тили жана адабияты ийриминин жетекчиси Ч.Н.Масадыкованын жана “Жаш талант” вокалдык ийримдин жетекчиси Б.И.Сейдакмовдун биргеликте даярдаган “Сармерден” кыз-жигит улуттук оюнун эӊ жакшы деӊгээлде ѳтүштү. “Тогуз коргоол” ийриминин жетекчиси Т.К.Маймеков 15-мартта да ийримдик сабагын кѳрсѳттү. 7-10-класстарынын окуучулары бул оюнду жакшы ѳздѳштүрүп калгандыгын кѳрѳ алдык. Биология сабагы боюнча ийримдин жетекчиси Шайымбетова Н.А. болсо “Менин биринчи ишим” деген темада практикалык сабак ѳткѳрдү.

15-апрелде кыргы тили жан

а адабияы ийриминин жетекчиси Дүйшѳкадырова Г.Д. 7а-классында отчеттук сабагын “Кыргыздын улуу мурастарын сактайлы” деген темада ѳттү. Сабак ата-бабаларыбыздан калган мурастарды,жаратылыш, тоо-сууларыбызды, кен байлыктарыбызды, буюмдарыбызды сактайлы деген идеянын негизинде ѳтүлдү.

22-апрелде кыргыз тили жана адабият ийримдеринин жетекчилери Жакыпова Г.Ш., Кожокеева М.А. К.Тыныстановдун 120 жылдыгына карата эскерүү кечесин ѳтүп беришти. Бул сабакта К.Тыныстановдун ѳмүрү-чыгармачылыгы, анын кыргыз тилинин грамматикасына кошкон салымы тууралуу маалымат беришип, сабактын экинчи бѳлүгүн концерттик программа менен жыйынтыкташты.

26-апрелде “Жаш канат” ийриминин жетекчиси Керимова А.Ж., “Жаш жеткинчек” бийчилер тобунун жетекчиси Муратбек кызы Айперинин биргеликте даярдаган “25-апрель –Салттуу музыка” күнүнѳ карата отчеттук сабагын беришти. Сабак эӊ мыкты деӊгээлде ѳттү. Сабакта окуучулар комуздун коштоосунда ырларды ырдашып, күүлѳрдү чертишти жана кыргыздын улуттук бийлерин бийлешти.